Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:30

Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кени сентябрдан тарта иштетиле баштайт. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна айыл аймак башчысы Майрамкүл Кыдыралиева билдирди. Анын айтымында, канадалык компания кенди изилдөөгө 10 жыл мурун лицензия алган.

- Компания «Юразия» деп аталат. Бул жерден уран казылып алынып, Кара-Балта шаарындагы заводдо кайра иштетилет. Уран сентябрь айынын аягында казыла баштайт деп болжолдонууда, - деди ал.

Жумуш башталса, келишим боюнча жумушчулардын 80% жергиликтүү тургундар болот. Ишчилер 3-4 ай атайын окуудан өтүшөт.

Аталган уран кени Кызыл-Омпол тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 1640-3000 метр бийиктикте жайгашкан. 1950-57-жылдары геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG