Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:14

"Мемориал" камактагы татар активистин саясий туткун деп тааныды


Татарлардын активисти Данис Сафаргали.
Татарлардын активисти Данис Сафаргали.

Орусиялык "Мемориал" укук коргоо борбору камактагы татар активисти Данис Сафаргалини саясий туткун деп тааныды.

29-августта уюм тараткан билдирүүдө Сафаргали "2014-жылы башталган татарлардын улуттук кыймылынын активисттерин куугунтуктоо кампаниясынын курмандыгына айланганы" жазылган.

Татарлардын "Алтын Ордо" патриоттук кыймылынын лидери Сафаргали 2016-жылдын октябрь айында интернет аркылуу жек көрүүчүлүктү козуткан деп айыпталып камакка алынган.

Кийин ага "бейбаштык" беренеси боюнча да айып тагылган. Ал бул айыптардын бардыгын четке кагып келет.

Сафаргали интернетте жазган билдирүүлөрүндө Орусиянын өкмөтүн, президент Владимир Путинди жана Крымдын аннексиялашын сындап келген.

"Мемориал" Сафаргалини токтоосуз бошотууга, "жек көрүүчүлүктү козуткан" деген айыпты алып салууга чакырды.

Бул иш боюнча соттун өкүмү 31-августта чыгарылары күтүлүүдө. 24-августта прокурорлор Сафаргалини беш жылга эркинен ажыратууну суранышты.

XS
SM
MD
LG