Линктер

жума, 15-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 20:17

Сүлүктүдө шахта басып калган кенчилердин биринин абалы оор


Баткендеги көмүр кендеринин бири.

Бул тууралуу Сүлүктү шаардык ооруканасынан билдиришти. Маалыматка караганда, шаардагы "Марипов" жоопкерчилиги чектелген коомуна таандык көмүр шахтасында 28-августтун кечинде кен урап төрт шахтерду басып калган.

Алардын үчөө бейтапканага жеткирилген, биринин абалы оор, реанимацияда жатат. Калганынын абалы дурус.

Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын маалыматы боюнча, быйыл Кыргызстандагы кендердеги кырсыктардан он жети кишинин өмүрү кыйылды. Адам өлүмү менен коштолгон кырсыктардын он экиси көмүр, калганы алтын кендеринде болгон. Жалпы кырсыктын ону Баткен облусунун Сүлүктү шаарындагы көмүр кендерде орун алган. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG