Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:28

АКШ: "Харви" бороонунун курмандыктары он төрткө жетти


Хьюстон, 28-август, 2017-жыл.
Хьюстон, 28-август, 2017-жыл.

Американын Техас штатында "Харви" бороонунун курмандыктарынын саны он төрт адамга жетти. Бул тууралуу "Фокс ньюс" телеканалы жергиликтүү бийликке таянуу менен билдирди.

Техас штатынын бийлиги Хьюстон шаарында суу тартылгандан кийин курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деп айтууда. Хьюстонду каптаган суу жаратылыш кырсыгынын кесепетин толук баалоого мүмкүндүк бербей жатат. Шаар мэри Сильвестр Тёрнердин айтымында, азыр убактылуу жайгаштыруу борборлорунда 200 миңге чукул киши бар, башпаанек жайларына алты миңден ашуун адам киргизилген. Дагы отуз миң кишинин келиши болжолдонууда.

Техас штатынын губернатору Грег Эбботт Улуттук гвардиянын он эки миң резервчилерин жапа чеккендерге, үй-жайынан айрылгандарга жардам берүүдөн тышкары курмандыктарды издөөгө чакырды.

Президент Дональд Трамп 29-августта Техаска шашылыш жөнөп кетти. Хьюстондун эки башкы аба майданы иштебей турат, ири автомагистралдар, темир жол каттамдары, көптөгөн мектептер жабык.

XS
SM
MD
LG