Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Бишкек жылуулук борборун" модернизациялоо иштери менен таанышат. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, 2017-жылы соңуна чыгары айтылган. Жаңылоо-оңдоодон кийин ишкана 600 мегаватт электр энергиясын өндүрөт.
Азыркы кезде ал 300 мегаватт чыгарууга жөндөмдүү. Жылуулук борборун оңдоп-түзөөгө Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган. (NT)