Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:50

Прокурор наристеси оору Салянованын сотун башка күнгө которууга каршы чыкты


Аида Салянова

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту ал “эмгекке жарамсыздык баракчасынын” негизинде баласын карап, үйдө отурганына карабастан уланып жатат.

Депутаттын эки жашар кызы ооруп жатканы кечээ белгилүү болгон. Адвокаттар ал сот отурумуна катыша албасын айтышкан. Бирок прокурорлор аны мажбурлап алып келүү керектигин айтып, судья бул өтүнүчтү канааттандырган.

Бүгүн Салянова судьянын бул чечими мыйзамсыз болгонун айтып, сотту создуктуруу аракетин көрүп жатат деген айыптоолорду четке какты:

- Эгерде ошончолук эле оюм бузулуп, процессти создуктургум келсе мен “эмгекке жарамсыздык баракчасын” азыр ачтырбайт болчумун, себеби алдыда төрт күн дем алыш турат. Өткөн аптада улуу кызым температурасы 39.2 болуп жатты, өзүм бир нече жолу бул жакка дене табым жогору келип жаттым.

Депутат өзү жана анын адвокаттары "эмгекке жарамсыздык баракчасы" сот отурумун башка күнгө которууга уруксат берерин айтышты.

Бирок прокуратуна өкүлү бул өтүнүчкө каршы чыкты, натыйжада сот уланмай болду.

Оппозиционер саясатчы Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган.

Ал өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет. (RK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG