Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:14

Атамбаев: Энергетикага алынган насыялар келечекке багытталган


Энергетика тармагына алынган насыялар келечекке багытталган. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорун жыйынтыктоо салтанатында сүйлөп жатып айтты.

Мамлекет башчы мурда электр энергиясы менен камсыздоодо Кыргызстан коңшу Өзбекстандан көз каранды болуп, жарык үзгүлтүккө учураган учурлар көп болгонун, “Датка-Кемин” долбооруна алынган насыя өзүн өзү актап жатканын айтты жана жарык болбосо инвестор да келбей турганын кошумчалады.

Модернизациялоо иши 2014-жылдын 26-апрелинде башталып, 2017-жылы соңуна чыгары айтылган. Жаңылоо-оңдоодон кийин ишкана 600 мегаватт электр энергиясын өндүрөт.

Азыркы кезде ал 300 мегаватт чыгарууга жөндөмдүү. Жылуулук борборун оңдоп-түзөөгө Кытайдан 386 миллион доллар насыя алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG