Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:25

ТИМ "Анкарада кыргыз кыздар боюн таштап өлдү" деген кабарды четке какты


Видео ушул сүрөт менен тараган
Видео ушул сүрөт менен тараган

Түркияда кыргызстандык эже-сиңди көп кабат үйдөн боюн таштап каза болду деген маалымат чындыкка жатпайт. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айымкан Кулукеева билдирди:

- Бул видео колума тиери менен дүйнөнүн 30дай шаарындагы консулдарыбызга тактоо үчүн кайрылдым. Алар түнү менен өз өлкөлөрүндө талдап чыгып, маалыматты тактап беришти. Окуя Индонезияда бир нече жума мурда болгондугу, анда 34 жана 28 жаштагы эже-сиңди кабат имараттан боюн таштаганы, алардын 39 жаштагы агасы бул кыздар 2006-жылдан бери психикалык жактан жабыр тартып жүргөнүн айтып бергени маалым болду. Бул окуяны видеого тартып алган жарандар интернетке коюп, андан ары вирус катары тарап кеткен.

Үрөй учурган видео интернетте кечээ тарап, окуя Түркияда болгону, кыргызстандык эже-сиңди жигит талаша кетип ушундай кадамга барганы айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG