Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Иран президенти АКШнын талабын четке какты


Ирандын президенти Хасан Роухани БУУнун инспекторлору Тегерандагы аскерий базаны текшеришсин деген АКШнын талабын четке какты. 29-августтагы телекайрылуусунда президент Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик мындай визитке макул болмок эмес деди.

"Агенттик менен мамилебизди АКШ эмес, бекитилген жол-жоболор аныктайт. Инспекторлорду жиберүүгө алар баары бир көнбөйт болчу, кандай болгон күндө да биз уруксат бербейбиз",- деди Роухани.

Ислам жумуриятынын президенти Вашингтон 2015-жылкы атомдук келишимден баш тартууга аракеттенсе, өнөктөштөрү аны колдобойт деп кошумчалады.

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли өткөн аптада Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик Ирандын жашыруун ядролук ишмердик жүргүзүп же жүргүзбөгөнүн текшерүү үчүн инспекторлорун аскерий жайларга жөнөтүүгө аракеттениши керек деп айткан.

XS
SM
MD
LG