Линктер

жекшемби, 18-февраль, 2018 Бишкек убактысы 03:04

Оштун 20 жаштагы тургуну "Сирияга барып, жоочулардын катарында жүрүп келген" деген шек менен кармалды. Милициядан "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, 26-август күнү колго түшкөн жигиттин үйүнөн электрондук жабдуулар жана чүпүрөккө оролгон ИЖ-58 үлгүсүндөгү сайсыз куралдын кесилип жасалган түрү табылган.

Өзү убактылуу кармоочу жайга камалып, үстүнөн Кылмыш кодексинин 242-беренеси (Террордук ишмердикке чакырык жасоо) боюнча кылмыш иши козголду. Алынган буюмдар экспертизага жөнөтүлдү.

Күч органдарындагы маалыматка караганда, шектүү Сирияда "Жамаат таухид ва жихад" экстремисттик тобунун катарында жүргөн.

Расмий кабарларда Ирак жана Сириядагы радикал топторго кошулган кыргызстандыктар 500дөн ашуун экени айтылып келет. Алардын ондогону ошол жакта набыт болгон. Айрымдары мекенине келген соң кармалып, камакка алынган. (SE)

XS
SM
MD
LG