Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:43

Жонсон: Сербиядагы орусиялык кызматкерлерге дипломатиялык макам берилбесин


Америкалык сенатор Сербия бийлигин Орусиянын гуманитардык борборунун кызматкерлерине дипломатиялык макам бербөөгө үндөдү.

Учурда Белградда жүргөн республикачыл сенатор Рон Жонсон "президент Вучич жана Сербия борбордун кызматкерлерине кол тийбестик бербейт деп үмүттөнөм. Бул серб элинин кызыкчылыгына төп келбейт", - деди.

Батыштын айрым расмий адамдары орус-серб гуманитардык борбору "тыңчылардын калканчы болуп калган жана пропаганданы жайылтууда" деп санашат. Орусия өз кызматкерлерине Сербиядагы НАТО өкүлдөрү сыңары дипломатиялык статус берилишин каалайт.

Сербиянын президенти Александр Вучич Москва менен тыгыз алакаларды, ошол эле кезде Европа Биримдигине кошулууну көздөйт. Сенатор менен жолугушууда президент "биз чечимдерибизди кызыкчылыгыбызга карап кабыл алабыз, өлкөбүзгө эч кандай агрессия коркунучу жаралган жок" деди.

XS
SM
MD
LG