Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:13

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын баллистикалык ракеталарды Тынч океанга учурууну токтотпойт деп 30-августта билдирди.

Алдыңкы күнү Пхеньян сынаган кезектеги ракета Жапониянын үстүнөн учуп өтүп деңизге кулаган. Ким Чен Ын муну "Гуамды ооздуктоонун башаты" деп атады. Буга чейин коммунисттик Кореянын лидери АКШнын аскерий базасы жайгашкан Гуам аралына сокку урарын эскерткен.

29-августтагы сыноону БУУнун Коопсуздук кеңеши бир добуштан айыптап бардык мамлекеттерди Пхеньянга каршы санкцияларды сактоого чакырды. Кытай жана Орусия да колдогон резолюция да маселени “тынч, дипломатиялык жана саясий жол менен чечүүгө” чакырат.

АКШ элчиси Никки Хейли документти бир добуштан колдоо дүйнө коомчулугу "Түндүк Кореянын ракета учурууларына каршы бириккенин көргөзөт. Пхеньян өзүн кандай коркунучка кептегенин түшүнүүгө тийиш", деп белгиледи.

XS
SM
MD
LG