Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:47

Президент Алмазбек Атамбаев бийликте отурган алты жыл аралыгында аткарууга үлгүрбөй калган иштери үчүн кечирим сурады. Бул тууралуу ал бүгүн Бишкек ТЭЦин модернизациялоо долбоорунун жыйынтыкталышына арналган чогулушта сүйлөп жатып айтты:

- Биз алга умтула беребиз. Биз дайыма кимдир бирөөдөн озуп келгенбиз. Алты жыл бою президент катары мени колдоп келгениңерге ыраазычылык билдирем. Бишкектиктерге ыраазымын. Алар дайыма мен тарапта болгонун сезип келдим. Эгер мен кай бир ишти жасаганга үлгүрбөй калсам, кечирим сурайм. Оор кырдаал болду, эсиңерде. Колдооңорго рахмат.

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы президент болуп шайланган. Анын мөөнөтү быйыл аяктайт.

15-октябрда Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт. 1-декабрда Атамбаев ордун жаңы шайланган мамлекет башчыга бошотот. (SE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG