Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Трампты сындады


АКШ президенти Трамп.
АКШ президенти Трамп.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад ал-Хусейн АКШ президенти Доналд Трамптын маалымат каражаттарына кооптуу чабуулдары прессанын эркиндигине көлөккө түшүрүүдө жана журналисттерге каршы зомбулукка жем ташташы мүмкүн деп эскертти.

30-августта комиссар ошондой эле Трамптын аялдар, мексикалыктар, мусулмандар жана башка топтор тууралуу комментарийлерине байланыштуу камтамасын ортого салды.

Ал-Хусейндин айткандары боюнча Ак үй азырынча комментарий жасай элек.

"Маалымат каражаттарынын эркиндиги АКШ Конституциясында бекитилген негизги принциптердин бири гана эмес, Америка жылдар бою коргоп келген баалуулук. Эми болсо президенттин чабуулуна туш болуп жатат", - деди БУУнун өкүлү Женевадагы маалымат жыйынында.

Ал-Хусейн бул кызматты ээлеген мусулман жана араб өлкөлөрүнүн алгачкы өкүлү.

12-августта ашынган улутчулдар менен неонацисттердин демонстрациясына каршы чыккан солчул активисттердин Шарлоттсвиллдеги кагылышуусун комментарийлеп жатып, комиссар свастика, антисемитизм, афроамерикалыктарга каршы расисттик чыгууларга "АКШда же дүйнөнүн башка жерлеринде орун жок" деп айткан.

XS
SM
MD
LG