Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Жогорку Сот Текебавдин кол тамгаларын жараксыз деп тапты


Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.
Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотонов.

Жогорку Сот “Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, депутат Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкер катары катталуу үчүн тапшырган кол тамгаларын жараксыз деп тапты.

Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргендей, Жогорку Сот Текебаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн арызын 30-августта карап, Бишкектин райондор аралык сотунун чечими күчүндө калды.Текебаевди колдоо үчүн топтолгон 38 миң 643 кишинин колу коюлган барактар БШКга 7-августта тапшырылган. Боршайком талапкер кол тамганы чогултууга шайлоо фондунан акча төлөнгөн эмес деген жүйө менен 17-августта аларды жокко чыгарган.

Кол тамгаларды текшерүү боюнча жумушчу топ 18-июндан 17-августка чейин талапкердин шайлоо фондунун эсебине акча түшпөгөнүн жана коротулбаганын аныктаганы айтылган. Партиянын өкүлдөрү БШКнын чечимин мыйзамсыз деп табууну өтүнүп, 19-августта Бишкектеги райондор аралык сотко кайрылган. Ишти судья Азис Эшалиев 22-августта карап, Өмүрбек Текебаевдин адвокаттарынын өтүнүчү четке кагылган. БШКнын чечимин мыйзамдуу деп табылган. Текебаевдин адвокаттары бул чечимдин үстүнөн Жогорку Сотко арыз жазган эле.

Коррупция боюнча камакка алынган Өмүрбек Текебаев 25-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында жатат. Ал президенттик шайлоого талапкер катары катышуу үчүн экинчи болуп арыз берген. 16-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Текебаевди жана аны менен кошо айыпталып камалган мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотоновду сегиз жылга эркинен ажыратуу, мүлкүн мамлекетке чегерүү жана бошогондон кийин үч жыл мамлекеттик кызматта иштебөө тууралуу өкүм чыгарган. (NT)

XS
SM
MD
LG