Эгемендик майрамы жана эртеңки Курман айтка байланыштуу Бишкекте милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштады. Борбор калаада бул күндөрү 2200 милиция кызматкери коомдук тартипке көз саларын шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Эгемендик күнүн майрамдоодо борбордук Ала-Тоо аянтына адамдар тыкыр текшерүүдөн өткөрүлүп киргизилет. Мындан тышкары майрамдарга байланыштуу шаардын борбордук көчөлөрүндө жол кыймылына да убактылуу чектөө салынат.
Ага ылайык, Чүй проспекти, Киев көчөсү Тоголок Молдодон Тыныстанов көчөсүнө чейин жабылат. Ал эми Тоголок Молдо, Логвиненко көчөлөрү жана Эркиндик гүлбагы Чүйдөн Киев көчөсүнө чейин жабык болот. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ошондой эле ээсиз калтырылган буюм-тайымдар байкалган учурда токтоосуз милицияга билдирүүнү өтүнүп жатат.
Август айында эле террордук уюмдарга байланышы бар деген шек менен Кыргызстанда он чакты киши кармалган.