Кайненесин өлтүрүүгө шектүү келин менен анын эжесинин баш коргоо чарасын Ош шаардык соту 30-августта карап, аларды эки айга камоого санкция берди.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.
Оштогу таштандылардын биринен 51 жаштагы аялдын башы жок сөөгү 27-августта табылган. Анын башы дале изделүүдө. Үрөй учурган кылмышка шектелип аялдын келини жана кудачасы кармалган.