Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:57

Пакистандын парламенти АКШ президенти Дональд Трамптын талиптер боюнча айыптоосун четке какты. Өткөн жумада президент Трамп Ооганстан жана Түштүк Азия боюнча жаңы стратегиясын жарыялап жатып, Пакистан талиптердин бейишине айланганын айткан.

30-августта Пакистан парламентинин төмөнкү палатасы бул айтылгандарды четке каккан резолюцияны бир добуштан жактырып, Пакистан менен АКШнын ортосундагы дипломатиялык сапарларды токтото турууга чакырды.

Анын алдында Пакистандын тышкы иштер министрлиги АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Алис Уэллстин 28-августка белгиленген сапарын себебин түшүндүрбөстөн токтотуп койгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG