Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:37

Мумбаиде имарат урап, кеминде жети киши каза тапты


Мумбаинин кырсык болгон аймагы.

31-августта Индиянын Мумбаи шаарында көп кабаттуу имарат урап түшүп, андан кеминде жети адам өлдү. Расмийлер 30га чукул киши уранды алдында калышы мүмкүндүгүн билдирди. Кырсык болгон аймакта куткаруучулар иштеп жатышат.

100 жыл мурда курулганы белгиленген бул имараттын урап түшкөнүнө катуу жамгырдан кийинки суу каптоо себеп болгону кабарланды.

Мумбаиде соңку бир айда ушуну менен үчүнчү имарат урап түштү. Индияда курулуш эрежелери сакталбай курулган имараттар ураган учурлар көп катталат. Жыл сайын мындай кырсыктардан ондогон адамдардын өмүрү кыйылат.

XS
SM
MD
LG