Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:55

Бүгүн Сауд Арабияда ажылык сапарга келген 2 миллиондой мусулман зыяратчы Мекке шаарынын жанындагы Арафат тоосуна чогулууда. Бул ажылык ибадаттардын негизгиси жана маанилүүсү деп эсептелет.

Ажылык сапардын экинчи күнүндө мусулмандар күн батканга чейин бул тоодо дуба кылып, ибадатта болушат. Бул аймакта Мухаммед пайгамбар мындан 1400 жылдай мурда акыркы насыяттары менен бөлүшкөн деген ишеним бар.

Быйыл Ирандан 90 миң зыяратчы Сауд Арабияга келди. 2015-жылы 2 миңдей киши тебелендиде каза тапкандан кийин ирандыктар ажылык сапарга барбай коюшкан.

Сауд Арабия Мекке жана Медина шаарына зыяратчылардын коопсуздугун сактоо үчүн 100 миң коопсуздук кызматкерин жөнөттү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG