Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:39

Астанада Кыргызстандын Эгемендик күнү белгиленди


Кыргызстандын Эгемендик күнү бүгүн Казакстандын борбор калаасы Астана шаарында да белгиленди. EXPO-2017 эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында Кыргызстандын күнү уюштурулду.

Салтанаттуу жыйында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова сөз сүйлөп, кыргыз-казак кызматташтыгын бекемдөө жаатындагы аракеттер, Кыргызстанда жүрүп жаткан негизги реформалар, "Таза коом" программасынын максаттары тууралуу айтты.

Ал эми маданий программада “Доор”, “Тумар” жана “Семетей” топторунун, Атай Өмүрзаков, Закирбек Дүйшөнбек, Динара Акулова жана Темир Назаровдун чыгармачылыгы сунушталды.

Майрамдык иш-чара концерттик сахнадан Кыргызстандын павильонуна чейин өткөн улуттук парад менен жыйынтыкталды. (RK)

XS
SM
MD
LG