Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:47

АКШ Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугун жабууну талап кылды


АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Хизер Нойерт.

Кошмо Штаттар Кремлге койгон талаптын ичинде Вашингтон менен Нью-Йорктогу орусиялык дипломаттардын санын кыскартуу да бар.

Вашингтон бул талапты аткарууга 2-сентябрга чейин убакыт берди. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефондон сүйлөшүп, АКШ тараптын мындай чечимине өкүнүчүн билдирди.

Американын бул кадамы Орусиянын аракеттерине жооп болуп калды. Июлда Москва Орусиядагы америкалык дипломаттардын санын 755ке кыскартууну талап кылып, муну Конгресстин Кремлге каршы жаңы санкцияларды киргизүү тууралуу чечими менен байланыштырган. Орусиянын Сан-Францискодогу консулдугу жабылса, АКШнын аймагында Вашингтондогу орус элчилиги жана Сиэтл, Хьюстон, Нью-Йорктогу дипломатиялык өкүлчүлүктөр калат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG