Линктер

ишемби, 23-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:52

Президент Алмазбек Атамбаев быйыл Курман айт Билим күнүнө туш келгенин жакшы белги деп эсептейт. Бул тууралуу мамлекет башчынын кыргызстандыктарга жолдонгон Курман айт майрамы менен куттуктоосунда айтылат.

"Исламдын ыйык китеби Куранда окууга жана билимге өзгөчө көңүл бөлүнгөн. Жаратканыбыз Мухамед пайгамбарга “Оку!” деп буйрук бергени тегин эмес. Окуу жана билим аркылуу гана адамдардын дилин агартып, жакшылыкты жамандыктан, жарыкты караңгылыктан ажыратып,бейпил турмушка кеңири жол ачаарын туюндурган" деди президент Алмазбек Атамбаев

Ошондой эле ал "Бүгүнкү Курман айт майрамы ар бирибизди кайрымдуу болууга, курмандык чалып, жетим-жесирлерге жардам берип, соопчулук иштерди жасоого багыттайт. Ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, келечекке жакшы ниет кылууга үндөйт. Кылымдарды карыткан уюткулуу элибиздин уңгусун бекемдеп, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырат" деп белгиледи.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG