Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Мектептерде Билим күнү майрамдалды


Президент Алмазбек Атамбаев Чоң-Таш айылынын орто мектебинде
Президент Алмазбек Атамбаев Чоң-Таш айылынын орто мектебинде

Бүгүн Кыргызстандын мектептеринде жаңы окуу жылы башталып, алгачкы сабак өттү. Адаттагыдай эле 1-сентябрда Билим күнү белгиленип, өлкөнүн тарыхы менен маданиятына арналган сабактар уюштурулат.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Чүйдүн Чоң-Таш айылындагы орто мектептин жаңы имаратынын ачылышына катышып, Кыргызстандын бюджетинин 24% билим берүү тармагына жумшалып жатканын айтты.

Өкмөт башчы Сапар Исаков Ош шаарынын №16 орто мектебинде өткөн Билим майрамына катышып, бул жерде өзү да 10 жыл окуганын айтты жана өкмөттүн атынан 20 компьютер белек кылды.

​Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, быйыл 1-класска 121 миң бала барды. Ал эми жалпы окуучулардын саны 1 миллион 175 миңди түзөт.

Өлкө боюнча 2236 мектеп иштейт, анын 14ү быйыл пайдаланууга берилди. (RK)

XS
SM
MD
LG