Баткен облусунда быйылкы окуу жылында беш жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Облус аймагында жалпысынан курулуш жүрүп жаткан 22 орто мектептин дагы 17синде иш уланууда. Бирок кээ бирлеринде каражат жоктугунан курулуш токтоп калгандары да бар.
Баткен облусунда 234 орто мектепте 80 миңдей окуучу билим алат. Мектеп тартыштыгынан 6 күндүк окуу менен 3 нөөмөттө билим алып жаткандары да бар. (JsA)