Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:16

Орусия АКШ бийлигинин Сан-Францискодогу консулдукту жана бир катар башка дипломатиялык объектилерди жабуу чечимине жооп кайтарууда "истерикага түшпөй", маселени тынч чечет. Бул тууралуу Орусиянын АКШдагы жаңы элчиси Анатолий Антонов бейшемби күнү Вашинтонго келээри менен билдирди. "РИА Новости" агенттиги маалымдагандай элчи бул ишти профессионалдуу алып баруу керектигин белгиледи.

Ага чейин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефон сүйлөшүүсүндө америкалык тараптын аракеттерине өкүнүчүн билдирген.

31-августта Кошмо Штаттар Кремлден Сан-Францискодогу Башкы консулдукту, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну талап кылган. Бул кадам орус бийликтеринин Орусиядагы америкалык дипломатиялык кызматкерлердин санын 755 кишиге кыскартуу талабына жооп иретинде жасалууда. Москва муну өз кезегинде Конгресстин антиорусиялык санкцияларынан кийин көрүлгөн чара деп түшүндүргөн.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG