Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:05

Украина менен Евробиримдиктин Ассоциациялык келишими бүгүн күчүнө кирүүдө. Украина президенти Петро Порошенко "бул ар-намыс революциясында биз тандаган келечекке карай маанилүү кадам болуп калды" деп Фейсбукка жазды.

Еврошаркеттин учурдагы төрагасы, Эстониянын элчиси Кайя Таел келишим Брюссель менен Киевдин алакаларын жаңы деңгээлге көтөрөт деп билдирүү менен макулдашуунун айрым беренелери бир нече убакыттан бери аткарылып келатканын белгиледи.

Украина менен биримдиктин кызматташтыгын бекемдөөнү караган Ассоциациялык келишимге 2013-жылдын ноябрында ошол кездеги президент Виктор Янукович кол койгон. Бирок Москванын кысымынан кийин президент андан баш тартканы нааразылык акцияларга түрткү болуп, 2014-жылдын башында Януковичтин бийлиги кулатылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG