Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Атамбаев: Кыздардын башына кара кийгизгиле деп Куранда жазылган эмес


Ош шаары. 2015-жыл
Ош шаары. 2015-жыл

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Билим күнү кыргызстандыктарды диний сабатсыздыктан оолак болууга чакырды.

Бүгүн Чүйдүн Чоң-Таш айылындагы орто метептин жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатып ал кыздарды чүмкөбөгүлө деп чакырды:

- Эң биринчи кезекке окууну, билимди коюш керек. Куранды он жолу окусаңар да анда биздин кыздардын башына "кара мүшөк кийгизгиле" деген жок. Аны биздин сакалын сербейткен айрым чала молдолор айтат. Кеп кийимде эмес! Мына, жакында, Бишкекте көрдүк, капкара кийинип алып дүкөнгө барып айпад уурдап жатат. Кеп адамдын жүрөгүндө. Адам таза болушу керек.

Кыргызстан Конституция боюнча светтик мамлекет. Соңку жылдары өлкөдөгү диний кырдаал сабатсыздыктан жана сырткы таасирден улам кооптуу болуп баратканына байланыштуу бул маселе өлкөнүн Коопсуздук кеңешинде талкууланып, тиешелүү чаралар иштелип чыккан. (TSh/RK)

XS
SM
MD
LG