Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:19

"РухЭш" интернет барагы: "Мыкты котормо" сынагы жыйынтыкталды


"Азаттыктын" кабарчысы Амирбек Усманов
"Азаттыктын" кабарчысы Амирбек Усманов

Кыргызстандагы "РухЭш" адабий-публицистикалык интернет барагы «Мыкты котормо» конкурсунун жыйынтыгын чыгарды.

Калыстар тобу үч айда конкурска келген 44 чыгарманын ичинен тогуз чыгарманы тандап алды. Бул тууралуу маалымат 1-сентябрда аталган сайтта жарыяланды.

Жолдош Турдубаев.
Жолдош Турдубаев.

Калыстардын чечими менен башкы орунду үч киши алды. Алар – «Азаттык» радиосунун кабарчысы Амирбек Азам уулу мырза түрк гуманисти Назым Хикметтин «Бурхан жана даанышман карыя жөнүндө жомок» аттуу чыгармасы үчүн, журналист Жолдош Турдубаев мырза оруствун чыгаан жазуучусу Валентин Распутиндин «Аялдардын сүйлөшүүсү» аттуу аңгемесин которгондугу үчүн жана профессор Үмүт Култаева айым ханзу калемгери Лу Синдин «Жиндинин күндөлүгү» аттуу аңгемесин которгондугу үчүн бул сыйлыкка арзышты.

Профессор Үмүт Култаева.
Профессор Үмүт Култаева.

Биринчи байгенин ээлеринин ар бирине 15 миң сомдук акчалай сыйлык ыйгарылмакчы.

2-орундун жеңүүчүлөрү:

Манфред Кибердин»Күткөн күндүн бүткөн күнү» аттуу аңгемесинин котормосу үчүн Адилет Шадыканова; Владимир Высоцкийдин «Шахмат оюну» аттуу аңгемесинин котормосу үчүн Эрнис Асек уулу Эшимканов; Иван Буниндин «Күзүндө» аңгемесинин котормосу үчүн Назгүл Осмонова (ар бирине 10 миң сомдук акчалай сыйлык).

3-орундун жеңүүчүлөрү:

Муратбай Нызановдун «Реклама» аттуу аңгемесинин котормосу үчүн Урматбек Нурсейит уулу; Антон Чеховдун «Анюта» аттуу аңгемесинин котормосу үчүн Айжан Атаканова; Ги де Мопассандын «Кайырчы» аттуу новелласынын котормосу үчүн Турусбек Мадылбай (ар бирине 7 миң сомдук акчалай сыйлык тапшырылат).

Сынакка англис, француз, немис, чех, кытай, түрк, орус, татар, өзбек, каракалпак, казак тилдеринен Кыргызстандын мамлекеттик тилине - кыргызчага которулган чыгармалар түшкөн.

Котормо тексттердин сапатын баалаган калыстардын быйылкы курамына таанымал публицист, котормочу, "Азаттыктын" мурдагы кызматкери Эсенбай Нурушев (калыстардын төрагасы), адабият сынчысы жана публицист Бекташ Шамшиев, киносценарист жана режиссёр Темир Бирназаров жана «РухЭш» интернет жайытынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакир кирген.

XS
SM
MD
LG