Бишкек шаарындагы Ботаникалык бакта акыркы айда сегиз жолу өрт чыгып, бир нече гектар чөп күйүп кетти.
Бул тууралуу премьер-министр Сапар Исаков бактагы кырдаалды талкуулаган жыйында билдирди. Өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашкандай, премьер үч күн ичинде Ботаникалык бактагы өрттүн чыгуу себептерин иликтеп, күнөөлүү адамдардын жоопкерчилигин кароо тапшырмасын берген.
Бишкектеги Энвер Гареев атындагы Ботаникалык бак өзгөчө коргоого алынган жаратылыш аймагы болуп саналат жана мамлекеттин кайтаруусунда турат.(BkA)