Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Сан-Францискодогу орус консулдугуна өрт өчүрүүчүлөр киргизилген жок


Сан-Францискодогу орус консулдугу
Сан-Францискодогу орус консулдугу

Орусиянын Сан-Францискодогу башкы консулдугунун кызматкерлери жергиликтүү өрт өчүргүчтөрдү дипломатиялык миссиянын имаратына киргизген жок. Өрт өчүргүчтөр консулдуктун чатырынан түтүн чыгып жатканын байкаган жергиликтүүлөрдүн чакыруусунан соң келишкен.

Консулдуктун кызматкерлери имарат ичиндеги каминге “керексиз нерселерди өрттөп жатышканын” түшүндүргөн.

31-августта Кошмо Штаттар Кремлден Сан-Францискодогу Башкы консулдукту, Вашингтон жана Нью-Йорктогу соода өкүлчүлүктөрүн 2-сентябрга чейин жабууну талап кылган.

Бул кадам орус бийликтеринин Орусиядагы америкалык дипломатиялык кызматкерлердин санын 755 кишиге кыскартуу талабына жооп иретинде жасалууда. Москва муну өз кезегинде Конгресстин Орусияга каршы санкцияларынан кийинки чара деп түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG