Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:11

Самаркандда бир жыл мурда каза болгон Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун эстелиги тургузулду.

Каримовдун туулуп-өскөн шаарындагы айкелдин ачылышына учурдагы президент Шавкат Мирзиёев катышты. Каримовдун эстелиги шаардагы Регистан аянтынын жанындагы скверге тургузулду. Мурдагы өзбек лидеринин балалыгы дал ушул аянттын жанындагы үйлөрдүн биринде өткөн.

Шавкат Мирзиёев Самаркандда Каримовдун мүрзөсүнө жана туулган үйүнө зыярат кылды.

Өлкөнү 1989-жылдан бери башкарган Каримовдун өлүмү тууралуу былтыр 2-сентябрда жарыяланган.

Маркум президент Өзбекстанда авторитардык режим орнотуп, оппозицияны жана эркин прессаны жок кылгандыгы үчүн көп сындалып келген.

Каримовдун дагы бир эстелиги кечээ Ташкенттеги “Аксарай” резиденциясынын жанында ачылган болчу.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG