Линктер

шаршемби, 27-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 04:09

АКШ жана Түштүк Корея аскердик кызматташууну күчөтөт


Түндүк Корея учурган баллистикалык ракета

АКШнын президенти Дональд Трамп жана Түштүк Кореянын президенти Мун Же Ин ракеталык куралдануу жаатындагы эки тараптуу келишимди кайра карап чыгууну макулдашты. Бул тууралуу корей президентинин кеңсеси ишембиде билдирди.

Ак үйдүн билдиришинче, Трамп Түштүк Кореяга миллиарддаган долларга америкалык курал-жаракты сатып алууга уруксат берди.

Эки өлкөнүн аскердик тармактагы кызматташтыкты күчөтүү боюнча мындай аракеттери Түндүк Корея менен мамиле чыңалган учурга туш келүүдө. Пхеньяндын баллистикалык ракеталарды сынаганы күчөгөнүнө байланыштуу Түштүк Корея аскердик даярдыгын чыңдап жатат.

Түндүк Корея шейшембиде кайрадан баллистикалык ракетасын учуруп, ал ракета соңку сегиз жылда биринчи жолу Жапониянын аймагынан учуп өткөн.

Андан соң АКШ президенти Дональд Трамп расмий Пхеньянга кошумча чаралар көрүлүшү мүмкүндүгүн ишара кылган. Британия менен Жапония болсо түндүк кореялыктардын чет өлкөдө эмгектенишине тыюу салган чараларды күчөтүү зарылдыгын билдиришкен.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG