Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:00

Украин полициясы Киевден Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин бир тууганын кармады. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министринин кеңешчиси Илья Кива маалымат каражаттарына кабарлады. Маалыматка ылайык, Давид Саакашвили өлкөгө мыйзам бузуу менен кирген деп айыпталууда.

Грузиянын экс-президенти жана Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили аталган эки өлкөнүн бийлиги өзүнө каршы кутум уюштуруп жатканын буга чейин айтып чыккан эле.

Саакашвили эки өлкө бийлиги Грузияда мамлекеттик төңкөрүш даярдаган деп өзүн айыптоо үчүн биригишкенин билдирген. Учурда Польшада жүргөн саясатчы 10-сентябрда Украинага кайтуу ниетин билдирген.

2003-жылы Грузиядагы "Роза ыңкылабында" атагы чыгып, өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган Саакашвили июль айында украин жарандыгынан ажыратылган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG