Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Бүгүн төрт жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүп жатат


Бүгүн Кыргызстандагы төрт жергиликтүү кеңеште шайлоо өтүп жатат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кара-Суу шаардык кеңешинде, Тогуз-Тородо, Чаткал районундагы Терек-Сай жана Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңештеринде шайлоо өтүп жатат.

БШКнын маалыматы боюнча, шайлоо Кара-Суу, Тогуз-Торо жана Терек-Сай кеңештеринин депутаттарынын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жарыяланса, Токтогулдагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңеши бир нече жолу айыл өкмөтүнүн башчысын шайлай албагандыктан мөөнөтүнөн мурда таратылган.

XS
SM
MD
LG