Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:52

Кыргыз-өзбек чек арасын бекитүү боюнча келишим макулдашылды


Кыргыз-өзбек чек арасы.
Кыргыз-өзбек чек арасы.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын такталган бөлүктөрүн бекитүү боюнча өткөөл келишимдин долбоору макулдашылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, 21-31-август аралыгында алгач Бишкекте, андан соң Ташкентте эки өлкөнүн чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк комиссиянын жумушчу топтору жолугушуу өткөргөн.

Анда Кыргызстан жана Өзбекстандын жалпы чек арасынын 80 пайыздан ашыгын бекитүү боюнча өткөөл келишимдин долбоору даярдалып, макулдашылганы айтылган.

Буга чейин мындай маалыматты кыргыз өкмөтү да ырастаган. Премьер-министр Сапар Исаков аталган келишимди даярдоо үчүн өлкө ичиндеги жумуштарды бүткөрүү тапшырмасын бергени маалымдалган эле.

16-августта Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келген. Анда кыргыз-өзбек чек арасынын такталган 1170 чакырым бөлүгүн бекитүү боюнча өткөөл келишимге кол коюу чечими кабыл алынган эле.

6-сентябрда Өзбекстандын президент Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга расмий сапары менен келери күтүлүүдө.(BkA)

XS
SM
MD
LG