Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Москвада Мьянманын элчилигинин алдында акция өтүүдө


Мьянманын элчилигинин алдындагы акция. 3-сентябрь, 2017-жыл
Мьянманын элчилигинин алдындагы акция. 3-сентябрь, 2017-жыл

Москва борборундагы Мьянманын элчилигинин алдында жүздөгөн мусулмандар акцияга чыгышты. Алар Мьянмадагы рохинжа этникалык тобунун куугунтукка кабылышына нааразылыгын билдирүүдө. Орус маалымат каражаттары жазгандай, чогулгандар “Аллаху акбар” деп кыйкырышууда.

Мьянманын элчилиги алдында өтүп жаткан акцияга полиция кызматкерлери да көз салып жатат.

Калкынын көбү буддисттер болгон Мьянмада азчылыкты түзгөн рохинжа мусулмандары жергиликтүү бийлик тарабынан куугунтукка туш болуп келет. Мындан улам 75 миңден ашык рохинжа журт которууга мажбур болгон. Акыркы жумадагы кагылыштан 400гө жакын адам каза болгону кабарланууда.

XS
SM
MD
LG