Оштогу Бабур атындагы өзбек драмалык театры Лондон шаарында Шекспирдин "Ричард-3" трагедиялык чыгармасын тартуулайт.
Кыргызстан менен Британиянын дипломатиялык алакаларынын 25 жылдыгына жана Шекспирдин 450 жылдык юбилейине арналган бул гастроль октябрдын соңунда жана ноябрдын башында ишке ашмакчы.
Бул тууралуу аталган театрдын жетекчиси Набижан Мамажанов "Азаттык" радиосуна билдирди.
Спектакль төрт тилде - кыргыз, өзбек, орус жана англис тилдеринде коюлат. Ролдорду Бабурдун артисттери аткарышат. Режиссеру бир канча жылдан бери Британияда жашап, иштеп жүргөн, теги кыргызстандык Йулдаш Журабаев.
Бул гастролдук сапар демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашат. Спектакль Лондондогу Globe театрында коюлат.
Набижан Мамажанов менен маекти бул жерден угуңуз: