Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 16:44

Бүгүн транспорт, турак жай, батир жана жер тилкеси үчүн салыктарды төлөөнүн акыркы күнү. Ушундан улам Мамлекеттик салык кызматы жарандарды бүгүнтөн калбай салыктарды төлөөгө чакырууда.

Салыкты өз маалында төлөө - кошумча туум жана административдик жоопкерчиликтен арылтат. Жарандар төлөмдү банк кассалары, терминал, интернет жана мобилдик банк аркылуу жүргүзө алышат.

Ал эми өз маалында салыкты төлөбөгөн жарандарга 2000 сом административдик айып салынмакчы. (SDz)

XS
SM
MD
LG