Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:26

Жер тилкелерине киргизилген мораторийди алуу сунушталды


Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу. Тогуз-Торо району. 2015-ж.
Түндүк-түштүк альтернативдик жолунун курулушу. Тогуз-Торо району. 2015-ж.

Парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитеттин жыйынында авто жол, темир жол, туннель, эстакадалык көпүрө үчүн жер тилкелерди мораторийден чыгаруу сунуштады.

Демилгечи депутаттардын бири Абдывахап Нурбаев Ош-Баткен, Бишкек-Ош, Түндүк-түштүк жолундагы жана башка жерлердеги тилкелерди мораторийден чыгаруу керектигин айтты.

Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлагандай, талкууда комитет мүчөлөрү айыл чарба жерлерин жоготууда кенемтени төлөө маселесин, ошону менен катар реконструкциялана турган жолдор мыйзамга тиешелүү болор-болбосун такташты.

Соңунда комитет «Сугат, айдоо жерлерине жарактуу жерлерди башка категорияга жана түрлөргө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда жактырды.

XS
SM
MD
LG