Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Трамп: АКШ өзүн жана өнөктөштөрүн коргоого даяр


Президент Дональд Трамп
Президент Дональд Трамп

Түндүк Корея алтынчы жолу өзөктүк сыноо өткөргөндөн кийин АКШ президенти Дональд Трамп өз өлкөсү өзүн жана өнөктөштөрүн коргоого даяр экенин билдирди. Ак үй мындай билдирүүсүн жекшембиде президент Трамп Жапониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ менен телефон аркылуу сүйлөшкөндөн кийин жарыялады. Анда АКШ коргонуу үчүн дипломатиядан тарта өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүнө чейин колдонууга даяр экени айтылат.

Түндүк Корея суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын 3-сентябрда жарыялап, бул ядролук курал программасын өнүктүрүүдө “маанилүү“ кадам болуп калганын кабарлаган.

Өзөктүк сыноону дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү айыптап чыгышты. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши кырдаалды талкуулоо үчүн бүгүн чукул жыйынга чогулаары кабарланган.

XS
SM
MD
LG