Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

Дүйнө Пхеньяндын кезектеги бомба сыноосун айыптады


ЦТАК маалымат агенттигинин кабарлашынча, суутек бомбасынын дүрмөтү континент аралык ракетага жүктөлүп, бул жараянга өлкө лидери Ким Чен Ын (ортодо) көз салган. 3-сентябрь, 2017-жыл
ЦТАК маалымат агенттигинин кабарлашынча, суутек бомбасынын дүрмөтү континент аралык ракетага жүктөлүп, бул жараянга өлкө лидери Ким Чен Ын (ортодо) көз салган. 3-сентябрь, 2017-жыл

Эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын соңку ядролук сыноосун айыптап жатат. Пхеньян суутек бомбасын сынады деген кабардан кийин Кытай Түндүк Кореяны “жаңылыш” аракеттерди токтотууга үндөсө, Орусия бул “олуттуу кесепеттерге” алып келиши ыктымал деп эскертүүдө.

Түндүк Корея суутек бомбасын ийгиликтүү сынаганын билдирди. Мамлекеттик маалымат каражаттары 3-сентябрда алтынчы ядролук сыноо “ийгиликтүү өткөнүн” жана бул ядролук курал программасын өнүктүрүүдө “маанилүү“ кадам болуп калганын жазышты.​

Азырынча көз карандысыз булактар чындап эле суутек бомба жардырылганын ырастай элек. Бирок Жапония өкмөтү сейсмология борборунун маалыматына таянып, Пхеньян буга чейин сыноо жүргүзүп келген аймакта катуу силкинүү катталганын билдирди.

Суутек бомбасы АКШ Экинчи Дүйнөлүк согуштун аягында Жапонияга таштаган кадимки атомдук бомбадан алда канча кубаттуу деп эсептелет.

Пхеньяндын жападан жалгыз ири шериги Бээжин Түндүк Корея “эл аралык коомчулуктун каршылыгын көз жаздымда калтырып кайрадан ядролук сыноо өткөрдү” деп билдирди.

“Кытай Тышкы иштер министрлиги мындай кадамды катуу айыптайт”, - делинет тышкы мекеменин билдирүүсүндө.

Президент Дональд Трамп Пхеньяндын "сөздөрү менен аракеттери АКШга карата барган сайын кас жана кооптуу болуп баратат" деп "Твиттерге" жазды.

Доналд Трамп.
Доналд Трамп.

Өз кезегинде Москва атомдук сыноолорду “эң катуу формада айыптоо” зарылдыгын жана бардык тиешелүү тараптар диалогго кайтуусу керектигин билдирди.

“Кырдаалдын мындан ары курчушуна алып келчү аракеттерден кармануу зарыл, Түндүк Корея олуттуу кесепеттерге туш болушу мүмкүн” деп эскертти Орусиянын Тышкы иштер министрлиги.

Түштүк Корея түндүктөгү коңшусун катуу жазалоого, Улуттар уюмун жаңы санкцияларды киргизүүгө чакырды.

Сеулдун Улуттук коопсуздук боюнча жогорку өкүлү АКШ менен өнөктөштүктүн алкагында Корей жарым аралына америкалык стратегиялык аскерий активдерди жайгаштырууну талкуулайбыз деп билдирди.

Токио өкмөтү Пхеньянга каршы санкциялар мунай азыктарынын соодасына чектөө киргизүүнү да камтышы керек деп эсептейт.

Франция президенти Эммануэл Макрон жана Германия канцлери Ангела Меркел да Европа биримдигин Түндүк Кореяга санкцияларды катаалдатууга үндөштү.

БУУнун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги Түндүк Кореянын соңку сыноосу “өкүндүрөт” жана эл аралык коомчулуктун талаптарын көз жаздымда калтырууда деп нааразылыгын билдирди.

Пхеньян 2006-жылдан бери ядролук сыноолорду жүргүзүү менен БУУнун резолюцияларын бузуп келатат.

Түндүк Кореянын расмий маалымат агенттиги соңку сыноодон өткөн суутек бомбасы өлкөнүн эң кубаттуу жана кыйратуучу күчкө ээ атомдук куралы болуп калганын жазды.

Өткөн аптанын башында коммунисттик Корея учурган ядролук дүрмөт ташууга кудуреттүү баллистикалык ракета Жапониянын Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп деңизге кулаган.

АКШ президенти Доналд Трамп ошондон кийин Түндүк Кореяга каршы бардык аракеттер көрүлүшү ыктымал деп, жаңы санкциялар, атүгүл аскерий чаралар каралат деп кыйыткан.

30-августта Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын соңку сыноону "Гуамды ооздуктоонун башаты" деп атап, баллистикалык ракеталарды Тынч океанга учурууну токтотпойт деп билдирди. Буга чейин коммунисттик Кореянын лидери АКШнын аскерий базасы жайгашкан Гуам аралына сокку ураарын эскерткен.

5-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюция бардык мүчө-мамлекеттерди экономикалык санкцияларды сактоого үндөгөн. Анда асыресе Түндүк Кореядан жумушчуларды кабыл алууну чектөө каралган.

Пхеньян суутек бомбасын сынаганын жарыялады
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG