Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:49

Түндүк Корея Жапонияны чочутту


Токионун тургундары Түндүк Кореянын соңку ракетасы тууралуу жаңылыкты көчөдөгү экрандан көрүп жатышат, 29-август 2017-жыл.
Токионун тургундары Түндүк Кореянын соңку ракетасы тууралуу жаңылыкты көчөдөгү экрандан көрүп жатышат, 29-август 2017-жыл.

Түндүк Корея бир айга жетпеген тыныгуудан кийин кайрадан баллистикалык ракетасын учурду. Ал ракета соңку сегиз жылда биринчи жолу Жапониянын аймагынан учуп өттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин август айынын башындагы жаңы санкцияларынан кийин тынчый түшкөндөй болгон Түндүк Корея кайрадан ракетасын сынап, коңшулары жана алардын өнөктөштөрүнүн ачуу сынына туш болду. Соңку баллистикалык ракета шейшембинин таңында жергиликтүү саат боюнча 6да баш калаа Пхеньяндын жанынан учурулган.

Ал кеминде 550 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, Жапониянын түндүктөгү Хаккойдо аралынын үстүнөн учуп өткөн. 2700 чакырымдан кийин деңизге кулап түшөрдөн мурда бир нече бөлүккө ажырап кеткен. Адистер муну Ким Чен Ындын өкмөтү май айында учурган орто аралыктагы Хвасон-12 ракетасы болушу мүмкүн деп жоромолдошту.

Жапониянын коомдук телеканалдары эфирин дароо токтотуп, өлкөнүн аймагынан ракета учуп баратканын кабарлашты. Бирок жапон бийлиги ракетаны атып түшүрүү аракетин көргөн жок.

Премьер-министр Синдзо Абе Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогулууга чакырып, расмий Пхеньянга кысымды күчөтүүгө үндөдү:

- Түндүк Корея учурган баллистикалык ракета Жапониянын үстүнөн учуп, Тынч океанына түштү. Ракета учурулаар замат өкмөт күжүрмөн даярдыкта турду. Жапон элин коргоо үчүн бардык чаралар көрүлдү. Жапониянын аймагынан ракетанын учурулушу буга чейин болуп көрбөгөндөй коркунуч туудурган кадам. Аймактагы коопсуздук жана тынчтыкка кедергисин тийгизет.

Буга чейин 1998 - жана 2009-жылы Түндүк Кореянын ракеталары Жапониянын аймагынан учуп өткөн. Бирок расмий Пхеньян аларды курал эмес, спутник алып жүрө турган ракета деп мүнөздөгөн. Андыктан айрым адистер Ким Чен Ын биринчи жолу Жапониянын аймагынан баллистикалык ракета учурганын белгилеп жатышат.

Түндүк Корея ишемби күнү да өз аймагында үч ракетасын сынаган болчу. Андыктан расмий Пхеньяндын соңку кадамдары Австралиядан Британия, АКШга чейинки бир катар өлкөлөрүнүн кескин сынына кабылды. АКШ президенти менен жапон лидери Түндүк Кореяга кысымды күчөтүүнү макулдашканы белгилүү болду.

Түштүк Корея болсо Пхеньяндын кадамына жооп катары аскердик учактарынын бомба таштоо менен коштолгон машыгуусун өткөрдү.

- Эгер Түндүк Корея өзөктүк жана ракеталык провакацияларын уланта берсе, биз туруктуу өнөктөшүбүз АКШ менен катуу жооп кайтарабыз, - деди Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин басма сөз катчысы Чо Юн Хёк.

Расмий Сеул Вашингтон менен биргеликте ушул күндөрү аскердик машыгуу өткөрүп жатат. Түндүк Корея болсо мындай машыгууларды өзүнүн эгемендигине шек келтирген кадам деп мүнөздөп келет.

Июль айында расмий Пхеньян биринчи жолу континенттер аралык ракеталарын сынагандан кийин август айынын башында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешин Түндүк Кореяга жаңы санкцияларды кабыл алган.

Түндүк Корея 29-июлда континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурган.
Түндүк Корея 29-июлда континенттер аралык баллистикалык ракетасын учурган.

АКШ президенти Дональд Трамп расмий Пхеньян чагымчыл аракеттерин токтотпосо, "көргүлүктү көрөөрүн" айткан. Аны улай Ким Чен Ындын өкмөтү Тынч океанындагы АКШнын Гуам аралына сокку урабыз деп коркуткан. Бирок андан бери расмий Пхеньянын билдирүүлөрү жумшара түшкөндөй болгон.

Түндүк Кореянын негизги экономикалык өнөктөшү саналган Кытай да Пхеньянга салынган санкцияларды ишке киргизе турганын айткан. Орусия болсо соңку жумалардан бери Ким Чен Ындын бийлигине экономикалык жол менен таасир этүү ыкмалары дээрлик калбай калганын, саясий чечим зарылдыгын өзгөчө баса белгилей баштады.

Куралсыздандыруу боюнча Жеймс Мартин борборунун маалыматына ылайык, бул өлкөдө 1984-жылдан бери 110дон ашык ракета сыноосу өткөн. Мурдагы лидерлер Ким Ир Сендин тушунда 15 жолу сыноо болсо, Ким Чен Ир башкарып турганда алардын саны 16дан ашкан. Эки лидердин тушунда негизинен эки гана жайдан ракеталар учурулган. 33 жаштагы Ким Чен Ын болсо 2012-жылдан бери кеминде 80 жолу ракета сынады. Ракета учуруучу жайлардын саны эселеп көбөйдү. Расмий Пхеньян баш-аягы беш өзөктүк сыноо өткөрсө, алардын үчөө да азыркы лидердин тушунда ишке ашты.

Батыш өлкөлөрү Пхеньянды канчалык ооздуктоого аракет кылбасын, алардын аракетинен азырынча толук майнап чыга элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG