Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Орусия Пхеньянга санкция киргизүүнү колдобойт


Орусия Түндүк Кореяга каршы кошумча санкция киргизүүгө же аскерий чара көрүүгө каршы чыкты.

АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен телефон сүйлөшүүсүндө Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кошмо Штаттарды Түндүк Кореяга каршы аскерий чара көрүүдөн карманууга чакырды. Лавров андай аракеттердин кесепеттери болушу мүмкүн экенин эскертти.

Пхеньян апта башында ядролук дүрмөт ташууга кудуреттүү дагы бир баллистикалык ракетаны сынаган. Ракета Жапониянын Хоккайдо аралынын үстүнөн учуп деңизге кулаган.

АКШ президенти Дональд Трамп ошондон кийин Түндүк Кореяга каршы бардык аракеттер көрүлүшү ыктымал деп, жаңы санкциялар, атүгүл аскерий чаралар каралат деп кыйыткан. Бирок Вашингтон бул аптада эч кандай жаңы чараларды сунуш кылган жок.

30-августта Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ын соңку сыноону "Гуамды ооздуктоонун башаты" деп атап, баллистикалык ракеталарды Тынч океанга учурууну токтопой турганын билдирди. Буга чейин коммунисттик Кореянын лидери АКШнын аскерий базасы жайгашкан Гуам аралына сокку урарын эскерткен.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын

29-августтагы сыноону БУУнун Коопсуздук кеңеши бир добуштан айыптап, бардык мамлекеттерди Пхеньянга каршы санкцияларды сактоого чакырды. Түндүк Кореянын салттуу өнөктөштөрү Кытай жана Орусия да колдогон резолюция маселени “тынч, дипломатиялык жана саясий жол менен чечүүгө” чакырды.

"Жапония Коопсуздук кеңешинин төрагасы сунуш кылган документтин жактырылышын кубаттайт. Түндүк Корея сынаган соңку ракета Жапониянын үстүнөн учкан. Резолюцияда эл аралык коомчулук Пхеньяндын мындай аракеттерине кайдыгер болбойт деп так айтылат", - деди Жапониянын элчиси Коро Бешо.

АКШнын элчиси Никки Хейли документти бир добуштан колдоо дүйнө коомчулугу "Түндүк Кореянын ракета учурууларына каршы бирдиктүү турарын көргөзөт, Пхеньян өзүн "кандай коркунучка кептегени түшүнүүгө тийиш" деди.

Британия менен Жапония буга чейинки чаралар, анын ичинде түндүк кореялык жумушчулардын чет өлкөлөргө барып иштөөсүнө салынган чектөө жемиш бербей жатканын айтып, Улуттар уюму жаңы санкцияларды колдонушу керек деген позициясын билдиришүүдө.

Корея режимин чектеген мындан аркы чараларды караштырууга убакыт келди. Буга чейинки санкциялар аларды өз багытын өзгөрттүргөн жок, - деди 30-августта Британиянын БУУдагы элчиси Мэтью Райкрофт.

5-августта БУУнун Коопсуздук кеңеши кабыл алган резолюция бардык мүчө-мамлекеттерди экономикалык санкцияларды сактоого үндөгөн. Анда асыресе Түндүк Кореядан жумушчуларды кабыл алууну чектөө каралган.

Улуттар уюмунун маалыматы боюнча чет өлкөлөрдө эмгек миграциясында жүргөн 60-100 миңдей түндүк кореялыктын көбү Орусия жана Кытайда иштешет. Алар жылына алган 1,5 – 2 миллиард доллар Пхеньян экономикасына чоң салым кошуп келет жана валютанын запасын толуктап турат. Санкцияларга ылайык Түндүк Кореянын туруктуу чет өлкөлүк валюта кармоосу да чектелген.

Пхеньянга каршы чараларды катуулатууну, жумушчуларга чектөө киргизүүнү Жапония да жактайт. Токио ошондой эле мунай жана текстил экспортун бутага алган санкцияларды да сунуш кылууда.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG