Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Жалал-Абадда адам сатууга каршы 100 күндүк акция башталды


Иллюстрация
Иллюстрация

4-18-сентябрь күндөрү өтүүчү акция алкагында кеңири масштабдагы конференция, жаштар жана студенттер арасында талкуу жана таймаштар уюштурулат. Диний ишмерлер жолугушууларды өткөрүп, спорттук иш-чаралар менен коштолот.

Жалал-Абадда адам сатуу боюнча расмий орган менен бейөкмөт уюмдардын ортосунда эки ача пикирлер бар. Алсак, облустук милиция соңку эки жылдан бери аймакта адам сатуу фактысы орун албагандыгын билдирип келет.

Ал эми "Аймира" коомдук фондунун жетекчиси Анаргүл Машаева, жыл сайын эл аралык миграция борбору адам сатууга жана кулчулукка дуушар болгон облустун 40тай тургунуна түрдүү жардамдарды берип келе жатканын кошумчалады.

Бул акция өткөн айда Баткен облусунда өткөн. Кийинки жылы бул иш-чара Таласта өтөт. (RsK)

XS
SM
MD
LG