Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 09:45

Орусиялык теннис жылдызы Мария Шарапова АКШнын ачык чемпионатынан чыгып калды. Ал жекшембиде Нью-Йоркто өтүп жаткан чемпионаттын төртүнчү айлампасында латвиялык Анастасия Севастовага 5-7, 6-4, 6-2 эсебинде утулду.

30 жаштагы Шараповага упайы жетишсиз болгонуна карабай, чоң шлем турнирине түз катышууга уруксат берилген. Кезинде дүйнөнүн биринчи ракеткасы болгон теннисчи допинг эрежелерин бузганы үчүн 15 ай теннистен четтетилгенден кийин биринчи жолу чоң шлем мелдешине катышып жаткан.

Былтыр мартта Шарапованын допинг анализдеринде тыюу салынган мельдоний заты табылганы белгилүү болгон. Допингден улам спорттон четтетилген Шарапова айрым турнирлерге тандоо турунан өтпөстөн түз катыштырылганын бир катар теннисчилер кескин сындап чыгышкан.

XS
SM
MD
LG