Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:20

Сауд Арабия быйылкы ажылык ибадаттар ийгиликтүү жыйынтыкталганын жарыялады. Бул жолу ислам дининин ыйык жайларын дүйнөнүн булуң-бурчунан келген 2,3 миллион мусулман зыярат кылды.

Саудия өкмөтүнүн ажылык сапарды тескеген комитетинин башчысы ханзаада Халид ал-Фейсал быйыл зыяратчылардын саны былтыркыга салыштырмалуу 30 пайызга көп болгонун билдирди. Ал беш күнгө созулган ажылык ибадаттар маалында олуттуу маселелер катталбаганын кошумчалады.

2015-жылы Мекке шаарынын жанында 2300дөй зыяратчы тебелендиде каза тапкан эле. Алардын көбү ирандыктар болгондуктан бул окуя Саудия менен Ирандын ортосундагы чыңалууну күчөткөн болчу.

Сауд Арабия быйыл кыргызстандык зыяратчыларга 4760 орун бөлүп берген. Алардын Кыргызстанга кайтуу жараяны 8-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин уланат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG