Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:12

Прокурор казак журналистинин эркиндигин 4 жылга чектөөнү өтүндү


Журналист Жанболат Мамай

Бүгүн Алматынын Медеу райондук сотунда мамлекеттик айыптоочу тарап журналист Жанболат Мамайдын эркиндигин төрт жылга чектөөнү (чектөөлөр менен коштолгон шарттуу жаза) соттон суранды. Прокурор журналисттин арам акчаны адалдоо ишине аралашканы далилденгенин билдирип, Мамайдын үй-мүлкүн конфискациялоо жана ага үч жылга журналист болуп иштөөгө тыюу салуу өтүнүчүн да келтирди. Айыптарды четке каккан журналисттин акыркы сөзү шаршембиге жылдырылды.

"Саясий калем - Трибуна" гезитинин редакторунун милдетин аткарган 28 жаштагы журналист быйыл февраль айында кармалган. Ага бозгундагы казакстандык олигарх Мухтар Аблязов менен бирге арам акчаны адалдоого аралашкан деген айып тагылууда. Мамай Аблязовго эч кандай тиешеси жоктугун айтып, бул ишти саясий куугунтук катары мүнөздөп жатат.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин саясатын кескин сынга алган Муктар Аблязов 2009-жылдан бери Евробиримдиктин аймагында жашап келет. Ага Казакстанда БTA банкты башкарып турганда жан-жөкөрлөрү менен беш миллиард доллардын изин жашырган деген айып коюлган.

XS
SM
MD
LG