Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:55

Кыргызстандык ажылар Сауд Арабиянын Мина өрөөнүндөгү ажылык амалдарын толугу менен аткарып бүтүп, Мекке шаарына кайтып келишти. Бул тууралуу 4-сентябрда Муфтияттан кабарлашты.

Сауд Арабия быйыл Кыргызстанга 4760 орун бөлгөн. Сапардын баасы 2760 доллар деп чечилген.

Зыяратчылардын алгачкы тобу 7-августта, акыркысы 21-августта кетишкен. Алардын ар бирине жеке маалыматтары камтылган электрондук билерик тагылып, өкмөт бөлүп берген 13 дарыгер коштоп жүрөт.

Кыргызстанга кайтуу жараяны 8-сентябрда башталып, 21-сентябрга чейин уланат. (SE/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG