Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:31

Мьянманын Москвадагы элчилигинин алдында 17 киши кармалды


Мьянманын Москвадагы элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы
Мьянманын Москвадагы элчилигинин алдындагы нааразылык акциясы

Мьянманын Москвадагы элчилигинин жанында митингге чыккан 17 киши кармалды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги тартип коргоо органдарындагы өз булактарына таянып, дүйшөмбүдө кабарлап чыкты. Маалыматка ылайык, кармалгандардын 15и эркек, экөө аял. Алардын баары Түндүк Кавказ аймагында төрөлгөндөр. ТАСС агенттиги алар эмне үчүн кармалганын так жазган жок. Болгону элчиликтин жанында дагы 20-25тей адам бар бар экенин кошумчалады.

3-сентябрда жүздөгөн адамдар Мьянмадагы рохинжа мусулмандарына колдоо көрсөтүү максатында бул өлкөнүн Москвадагы элчилигинин алдына митингге чыгышкан. Дүйшөмбүдө буга окшош акция Чеченстандын борбору Грозныйда да өттү.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча, Мьянмада 25-августта башталган жаңжалдан кийин 90 миңге чукул рохинжа качкындары коңшу Бангладешке жер которушту. Алар Мьянманын коопсуздук күчтөрү жана жергиликтүү буддисттер тобу айылдарына от койгонун айтышууда. Мьянманын өкмөтү коопсуздук күчтөрү өткөн айда полиция бекетине кол салган рохинжа козголоңчуларына жооп кайтарып жатканын билдирген.

XS
SM
MD
LG